Бүгүн, 8-апрелге карата өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 222 учуру аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 183, Ош шаарынан – 4, Чүй облусунан – 24, Нарын облусунан – 2, Ысык-Көл облусунан – 4, Жалал -Абад облусунан – 4, Баткен облусунан – 1. Ошентип, өлкөдө жалпысынан 89 660 адам ооруга чалдыккан.
Өткөн сутка ичинде 111 адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 85 607ге жетти.
Оорудан айыккандар: Бишкек шаарынан – 69, Ош шаарынан – 1, Чүй облусунан – 33, Ысык-Көл облусунан – 5, Жалал-Абад облусунан – 3.
Акыркы бир сутка ичинде коронавирустан каза болгондор: Бишкек – 3, Чүй облусунан – 1. Илдеттен каза болгондордун жалпы саны 1516га жетти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ