Menu

Өмүрбек Суваналиев: “Кошуна мамлекеттеги элчилерибиз, биздин ишенимдүү өкүлүбүз”

Бөлүшүү:

Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Жаныш Рустенбеков менен Кыргызстандын Өзбекстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ибрагим Жунусов, Өзбекстан жана Тажикстан Республикалары менен чектеш жайгашкан Баткен облусунун жетекчилиги менен ар дайым тыгыз кызматташтыкта иш алып барып келет. Бул тууралуу бүгүн, 8-апрелде КРнын Өкмөтүнүн Баткен облуснудагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Элчилерибиздин, экономикалык жана соода байланыштарын өнүктүрүүдө, алар иштеп жаткан өлкө менен кызматташуунун жолдорун көрө билген, дасыккан адистер деп эсептейбиз. 

Стратегиялык аймакта жайгашкан Баткен облусунун коопсуздугу, чек ара маселелеринин алга жылышы жана кошуна мамлекеттин чектеш аймактары менен, социалдык-экономикалык жактан кызматташуу, кошуналык жакын мамилесин бекемдөө жаатында жасаган дипломатиялык мамиле түзүү жаатындагы үзүрлүү эмгектерин жогору баалайбыз.  

Кун алыс чек аралаш аймакта орун алган, түрдүү окуялардын чечилүүсүндө, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө, Элчилерибиз, улуттук кызыкчылыктарды коргой алган, мекенчил адамдар экеннин айгинелеп келишет. 

 Ошондуктан, алардын кесиптик жөндөмүн, адистик тажрыйбасын жогору баалайбыз. Алар кошуна мамлекет менен биздин өлкөнүн ортосундагы көпүрө деп эсептейбиз.

Анткени, ал адамдар Кыргызстандын чет мамлекеттердеги өкүлү гана эмес, өлкөбүздүн жүзү. 

  Белгилей кетсек, 6-апрелде, КРнын Жогорку Кеңешинде Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Жаныш Рустенбековдун ишмердүүлүгү боюнча пикирлер айтылган. 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 82 = 84

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: