Menu

Бажы кызматкерлери аткезчилик жол менен ташылып келген жалпы суммасы 800 000 сомдон ашуун товарларды кармашты

Бөлүшүү:

Бажы кызматкерлери аткезчилик жол менен ташылып келген жалпы суммасы 800000 сомдон ашуун товарларды кармашты. Бул тууралуу Бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

ЕАЭБтин бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү/чыгуу фактыларын табуу жана аларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, “Баткен” бажысынын кызматкерлери Баткен областыннын Кадамжай районуна караштуу Алга айылында “VOLVO PH12” үлгүсүндөгү автотранспорт каражатын токтотуп текшеришкен.

Жогорудагы транспорт каражатынын жүк бөлүгүн текшерген учурда ЕАЭБтин бажы аймагына мыйзамсыз ташылып келе жаткан картон коробкаларга салынган керамика плиткалар (кафель) жана “EOCENE” маркасындагы макарон даярдоочу жабдык табылган. Кармалган товардын жалпы наркы 846662 сомду түзөт.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар КРдин мыйзамдарына ылайык тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 77 + = 86

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: