Menu

Жогорку Кеңеште маркум Айзада Канатбекованын өлүмү тыкыр иликтениши керектиги белгиленди

Бөлүшүү:

Бүгүн, 8-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында маркум Айзада Канатбекованын трагедиялуу өлүмүнө байланышкан пикирлер айтылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирет.

Алсак депутат Эмиль Токтошев ала качуудан улам каза болгон Айзада Канатбекованын өлүмүн тыкыр иликтөө зарылчылыгын белгилеп: “Мыйзамды дагы каттаалдаштырып, ала качуунун алдын алышыбыз керек болчу. Анткени, кайдыгерликтен улам жаш кыз өмүрүнөн айрылды. Тиешелүү кызматтарыбыз ыкчам чара көргөндө окуя болбой калышы мүмкүн эле”, – деген оюн айтты.

Ушундай эле пикирди Дастан Бекешев, Марлен Маматалиев да белгилеп, маркумдун жакындарына көңүл айтышты.

Ал эми төраганын орун басары Аида Касымалиева: “Окуя тууралуу алгач маалымат берилгенде эле укук коргоо органдары чара көрүшү керек эле. Бирок алардын жайбаракат ишмердүүлүгү бирөөнүн жалгыз кызынын өлүмүнө себеп болду. Андыктан тиешелүү кызматтардын үстүнөн да иликтөө жүрүп, кылмышка каршы коомчулук кошо күрөшү зарыл”, – деп кошумчалады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 8 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: