Menu

Айзаданын өлүмү. Кыз шектүүнүн футболкасы менен муунтулуп өлтүрүлгөн

Бөлүшүү:

Соттук-медициналык экспертизанын алдын ала жыйынтыктары боюнча кыз ала качкан адамдын футболкасы менен муунтулуп өлтүрүлгөн. Бул тууралуу бүгүн, 8-апрелде Бишкек ШИИББинде ала качуудан каза болгон Айзада Канатбекованын өлүмү боюнча маалымат жыйынында айтылды.

Маалыматка ылайык, кылмышка шектүү унааны талаанын жээги менен айдаган, оң дөңгөлөгү ылайга тыгылып калган. Унааны тапкан учурда анын эшиктери ичинен бекитилген болчу.

“Экөөнүн телефондору тең өчүк болчу. Кыздын телефонунан SIM-картаны чыгарып салышкан. Теңизбаевдин да телефону өчүрүлгөн. Отургучтун астынан канцелярдык бычак табылган. Ал бычак менен шектүү өзүн 3 жолу кескен, мындан улам ал көп кан жоготкон. Алдын ала маалыматтар боюнча, кызда механикалык асфиксия бар, аны муунтуп өлтүрүшкөн”, – деди Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын тергөө кызматынын башчысы Нурлан Утемисов.

Унаанын багажынан кийим-кече, таксинин шашкасы, жеке буюмдары салынган кичинекей сумка болгон.

“Эки өлүк тең унаанын арткы отургучунда болгон. Унаанын арткы айнектери караңгылатылган. Анын ичинде бирөөнүн отурганын алыстан көрүү мүмкүн эмес. Жакыныраак келип, караңгылатылган айнекти жакшылап караганда гана көрүнөт. Ошондуктан, алгачкы эки күндө чабан унаага эч кандай маани берген эмес, ал ылайга тыгылып калган го деп ойлогон», – деди ал.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

70 − 68 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: