Menu

Жанар Акаев: “Милиция унаанын кеткен багыты менен барганда Айзаданын өмүрүн сактап калганга мүмкүнчүлүк болмок”

Бөлүшүү:

“Милиция унаанын кеткен багыты менен барганда Айзаданын өмүрүн сактап калганга мүмкүнчүлүк болмок”, – деп билдирди бүгүн, 8-апрелде депутат Жанар Акаев парламенттин отурумунда.

“2 күн мурда, 5-апрелде чырактай кызды зордук менен уурдап бара жаткан видео болгон сайттарга чыкты. Кыздын туугандары милицияга кайрылышты. Милиция эмне үчүн өз убагында жардам көрсөтө алган эмес? Ошол жерде унаанын номери турат. Ошол кеткен багыты боюнча барганда Айзаданын өмүрүн сактап калганга мүмкүнчүлүк болмок. Зөөкүрлөрдүн бардыгын коомчулукка алып чыгып, мындай окуянын кайталанышына жол бербеш керек эле. “Коопсуз шаар” долбоору бир гана жарандардан айып пул чогултуп, бюджетти толтура турган система эмес, биринчи кезекте биздин жарандардын коопсуздугу болуш керек. Кыргызстанда, айрыкча борбор шаарда жашоо кооптуу болуп калды. Уурулук кескин көбөйүп кетти. Үйлөргө кирип уурулук кылып жатышат, алар камералардан коркпой калды. Милиция ошолорду таап, улам жазалап турганда мындай болмок эмес да. Эгерде ушундай темп менен кетсек, өнүккөн өлкөлөhдүн элчиликтери кат жазат жакында. Кыргызстан – мsкаачылардын, зордукчулардын өлкөсү, бул өлкөгө келбегиле деп. Уурулук, мыкаачылык менен күрөшкөндүн ордуна президент баш болуп, өкмөт генералдардын чиндерин таратып отурасыңар”, – деди депутат.

“Мына генералы көп Кыргызстанда өлүмдүн бети жергиликтүү чабан чалгандан кийин ачылып жатат.

Президент жүздөгөн адамдарга ырайым берип, түрмөдөн чыгарып жатат. Кимдер чыгып жатат? Ошолорду тактап, өздүгүн билишибиз керек. Бардыгын азыркыдай кылмышка катышпайт деп эч ким кепилдик бере албайт”, – деди Жанар Акаев.

Белгилей кетсек, 5-апрелден бери дайынсыз болуп жаткан 27 жаштагы кыздын сөөгү 7-апрелде Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаада автоунаадан табылган.

Шаардык ички иштер башкармалыгы кабарлагандай, аны уурдаган деп шек саналган 31 жаштагы киши кызды муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнө да бычак сайып каза болгон. Ала качууга шектелгендердин бири 1992-жылы туулган Р.А. кармалып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: