Menu

Аудио – Айзаданы уурдаган жарандын өлүм астында апасына жөнөткөн аудио билдирүүсү жарыяланды

Бөлүшүү:

Айзада Канатбекованы уурдады деп шектелген Замирбек Теңизбаевдин акыркы аудио билдирүүсү социалдык тармактарда жарыяланды. Маалым болгондой, ал аны бир тууганына көз жумардан мурун жиберген.

«Ал мага, биздин сүйүүбүзгө чыккынчылык кылды. Сүйүп калдым, мен ага гана үйлөнөм деп айткам. Мен андан акыркы жолу сурадым, бирок ал макул болгон жок. Кечээ мен баары жайында деп айткам, бирок акыркы убакта мамилебиз өтө оор болчу. Мен анын айынан өзгөрдүм. Менден кеткен болсо кечирип коюңуздар. Апамдын номери иштебей жатат, кечээ мен аны таарынтып алган окшоймун. Сизге аудиожазуу жөнөтөйүн, апама айтып коюңузчу. Апа, тынч болуңуздар, менден кеткен күнөө болсо кечирип коюңуздар. Мен каякта болбоюн сиздердин өмүрүңүздөрдүн узун болушун кудайдан суранам. Мени кечирип коюңуз. Мен сүйүп калдым, апа. Мен Айзаданы ушунча күттүм, сүйдүм. Башынан баштайлы, башкача жашайлы десем да көнгөн жок. Мени акыркы жолу угуп жатасыздар. Мен сиздерди кечирдим, мени да кечирим коюңуздар, баарыңарды жакшы көрөм”, – деген ал.

Ушул маалда Айзаданын: “Мындай кылбачы. Мен сага күт дедим го” деп айтканы угулат.

Маалым болгондой, аудиожазууну Замирбек бир тууган агасына жөнөткөн. 

Белгилей кетсек, 5-апрелден бери дайынсыз болуп жаткан 27 жаштагы кыздын сөөгү 7-апрелде Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаада автоунаадан табылган.

Шаардык ички иштер башкармалыгы кабарлагандай, аны уурдаган деп шек саналган 31 жаштагы киши кызды муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнө да бычак сайып каза болгон. Ала качууга шектелгендердин бири 1992-жылы туулган Р.А. кармалып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

4 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: