Menu

Чек ара аймактарын өнүктүрүүгө багытталган программаны талкуулоо кийинкиге жылдырылды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 8-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында “2021-2025-жылдарга Кыргыз Республикасынын өзгөчө статуска ээ болгон айрым чек арага чектеш аймактарынын коопсуздугун камсыздоо жана социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча Мамлекеттик программаны бекитүү жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору каралды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирет.

Жыйында айтылгандай,  аталган программа мамлекеттин коопсуздугун камсыздоого, мамлекеттик чек араны бекемдөөгө, чек ара аймактарынын проблемаларын чечүүгө, социалдык-экономикалык абалды өнүктүрүүгө, чек ара аймактарында жашаган калктын турмуш шарттарын жакшыртууга, туруктуу жашоо үчүн зарыл шарттарды түзүүгө жана чек ара аймактарынын калкынын арасында ички миграциянын деңгээлин төмөндөтүүгө багытталган.

Талкуу маалында депутат Чынара Урумкалиева өзгөчө статусу бар чек ара аймактарында программанын биринчи этабында кандай иштер жасалганына кызыкты.

Өкмөттүн өкүлү 2012-жылдан бери 1 млрд 600 миң сомдук иш-чаралар аткарылганын, анын ичинен жол салуу, социалдык объектилерди куруу иштерине өзгөчө көңүл бурулганын билдирди.

Ал эми депутат Бакыт Төрөбаев программага 81 айыл, 9 участка кирерин жүйө келтирип, аларда канча жаран жашаарын сурады. Өкмөт өкүлү 155 миң 600дөй жаран бар экенин кошумчалады.

“Программанын жыйынтыгы тууралуу так маалымат берилиши керек болчу. Жумушсуздук канча пайызга азайганы, канча жумуш оруну түзүлгөнү, калктын турмушу канчага өскөнү тууралуу маалыматтар жок” – деген Бакыт Төрөбаев, Өкмөт башчысы өзү келиши керектигине токтолду.

Талкуу маалында депутаттар тарабынан берилген суроолорго так жооп болбогондуктан, маселени кароо кийинкиге жылдырылды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 8 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: