Menu

Видео – Жаңы депутат Шайлообек Атазов СДПКчы депутат Азамат Арапбаевди “Саткын!” деп айыптады

Бөлүшүү:

“4-5-октябрда революция ким үчүн болду эле? Ошол 5-октябрдагы революцияда Үмүт деген жаш баланын кырчындай өмүрү ким үчүн кыйылды эле? Бүгүн мына, жергиликтүү шайлоолордо көрүнүп тургандай Ош шаарынан Сооронбай Жээнбеков эле кетиптир. Калганы баары ордунда калыптыр”, – деп билдирди бүгүн, 8-апрелде Жогорку Кеңештин кезектеги отурумунда жаңы депутат Шайлообек Атазов.

“Ош шаарында “мэрдин партиясы”, “губернатордун партиясы”, “Азамат Арапбаевдин партиясы” деген партиялар элди кысып жатат. Бул деген кечээги 5-октябрды унутуп калды деген сөз. Мына, арабыздагы кээ бир саткын коллегаларыбыз Бакиевдин убагында “Ак жол”, Атамбаевдин убагында СДПК, Жээнбековдун убагында “Биримдик” болуп, кайсы президент жыгылса кийинкисине секирип жүрүп, коомду оорутуп жатат – бул саткынчылык! Кадимки модага айланып калыптыр. Кээ бир коллегаларыма айтам, эртенки шайлоодон кийин кандай болот силер кепилдик бере албайсыңар. Кыргызстанда 3 революция болсо үчөөсү тең шайлоонун жыйынтыгы менен болуп жатат. Ошон үчүн токтоткула! Ош шаарында Азамат Арапбаев келе жатат дегенде жетекчилер жаналгычтан качкандай качат экен. Муну токтотуш керек, “эсиң барда этегиңди жый” дейт. Жок дегенде кудайдан коркуш керек да. Ошол, 5-октябрь күнү “башын ийнине тыгып” жок болуп кетпеди беле! Эмне, биздин революциялар ушундай бай-манаптар тайраңдасын деп болуп жатабы?”, – деди депутат Шайлообек Атазов.
Эсиңиздерге сала кетсек, “Улуттар биримдиги” партиясынын мүчөсү Шайлообек Атазов парламенттик шайлоодо “Ата-Мекен” партиясынын тизмеси менен катышып, бирок атамекенге кирген эмес.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: