Белгиленгендей, кылмыш жолу менен алынган кыймылсыз мүлктүн изин жашыруу максатында, судья керектүү сатуу-сатып алуу келишимдерин жакын туугандарына жана ишенимдүү адамдарына каттап келген.
“Азыр судьяга таандык башка декларацияланбаган кыймылсыз мүлк объекттерин аныктоо боюнча бир катар тергөө-оперативдик иш-чаралар жүргүзүлүп жатат”, – деп айтылат маалыматта.
Маалыматка ылайык, Ж.М.Б. деген инициалдар Бишкек шаардык сотунун судьясы Жээнбекова Мира Бабыркановнанын аты-жөнү туура келет. Ал мурдагы депутат Равшан Жээнбековдун бир тууган карындашы.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ