Menu

Түркмөнстанда мугалимдер кытай вакцинасы менен бекер, «Спутник V» менен акчага эмделүүдө

Бөлүшүү:

Коронавирус жуктурган бир да учур каттала элек Түркмөнстанда калкты эмдөө иштери уланууда.

«Эркин Европа» радиосунун түркмөн кызматынын маалыматына караганда, апта башында Ашхабаддагы мугалимдер эмделе баштады. Аларга Кытай өндүрүшүндөгү вакцина бекер, Орусиянын «Спутник V» вакцинасы акчага сунушталууда.

Маалыматтарга караганда, учурда каалоочулар «Спутник V» вакцинасын өз эсебинен сатып алып эмделсе болот. Эки компоненттен турган вакцина бүгүнкү күндө 1000 манат (болжол менен 285 АКШ доллары) болуп жатканы кабарланууда.

Буга чейин аталган вакцинанын өндүрүүчүсү 2021-жылдын февраль айынан тартып анын чет өлкөлөр үчүн баасы 20 доллардан ашпай турганын билдирген.

1-апрелде Түркмөнабад шаарындагы медициналык кызматкерлер да эмдөөдөн өтүп, аларга кытай вакцинасынын экинчи компоненти сайылганы кабарланган.

Бүгүнкү күндө Түркмөнстанда Орусиянын «Спутник V» вакцинасы гана расмий каттоодон өткөн. Өлкө 18-январда Борбор Азияда биринчилерден болуп «Спутник V» вакцинасын, 29-январда «ЭпиВакКорона» вакцинасын каттоого алган.

Февраль айында Орусиянын вакцинасын Ашхабаддагы медиктер, полиция кызматкерлери, аскерлер жана калк менен байланышта иштеген мекемелердин өкүлдөрү алган.

Ал ортодо түркмөн бийлиги жарандардын өлкө ичинде жүрүүсүнө киргизилген чектөөлөрдү алып, соода жана кызмат көрсөтүү тармагындагы ишканалардын ишмердүүлүгүнө уруксат берди. Мындан тышкары бир жылдык тыныгуудан кийин ички транспорт каттамдары калыбына келтирилип, мечиттер ачылууда.

Ошол эле маалда Түркмөнстандагы карантиндик жайлар кеңейтилип, жаңылары курулууда.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 54 = 62

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: