Бүгүн, 8-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында Айзада Канатбекованын өлүмү боюнча маселе каралып жатат. Анда ИИМдин башчысы Улан Ниязбеков, Бишкек ШИИБнин башчысы Бакыт Матмусаев катышып, маалымат беришүүдө.
Анда депутат Дастан Бекешев ички иштер министри Улан Ниязбековдон: “Жоопкерчиликти моюнуңузга аласызбы?” деп сурады. ИИМ башчысы “сезебиз, алабыз” деп жооп берди.
“Кантип аласыз? Мурдагы министр Бурулай каза болгондо “жоопкерчиликти мойнума алам” деген. Азыр ал жок, качып кетти. ИИМге бул дагы сабак болгон эмес. Саясий жоопкерчилик сөзсүз болуш керек. Өз каалооңуз менен кызматтан кетсеңиз, башка министрлерге да сабак болот”, – деди депутат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ