Такталган маалымат боюнча бүгүн саат 13:33тө Алай районунун Гүлчө айыл аймагынын Гүлчө айылындагы борбордук базарынын артында жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.
Алай райондук ӨКБнүн №68-ӨККБнүн №3-күзөтүнүн кызматкерлери 13:40да жерине барып, саат 13:44дө курчоого алышкан. Саат 14:04дө өрттү толугу менен өчүрүшкөн.
Жалпы 103м2 аянт күйгөн. Өрттөнгөн турак үйдөн 1965-жылы туулган эркек кишинин жансыз, күйүп кеткен денеси табылып Алай райондук Ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.
Учурда өрттүн чыгуу себеби жана чыгымы такталууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ