Айзада Канатбекованын өлүмүнө шектүү Замир Теңизбаев 3 жолу соттолгон. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
2020-жылдын 30-июлунан тартып ага Россиянын аймагына кирүүгө тыюу салынган.
Белгилей кетсек, 5-апрелден бери дайынсыз болуп жаткан 27 жаштагы кыздын сөөгү 7-апрелде Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаада автоунаадан табылган.
Шаардык ички иштер башкармалыгы кабарлагандай, аны уурдаган деп шек саналган 31 жаштагы киши кызды муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнө да бычак сайып каза болгон. Ала качууга шектелгендердин бири 1992-жылы туулган Р.А. кармалып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Бүгүн кылмышка шектүү делген дагы бир жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ