Menu

Айзаданын өлүмү: Милиция кызматкерлерине иш козголду

Бөлүшүү:

Бишкек шаардык прокуратурасы Айзада Канатбекованын уурдалып, андан кийин өлтүрүлүшү боюнча фактыны териштирди.

Анын жыйынтыгында Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери кызматтык милдеттерин так аткарганы же аткарбаганы боюнча «Шалаакылык» беренеси менен өндүрүш иши катталып, райондук милициянын кызматкерлерине кылмыш иши козголду.

Башкы көзөмөл органынын расмий сайтында кабарлангандай тергѳѳ ишин жүргүзүү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Бишкек шаары боюнча башкармалыгына тапшырылды.

Бир үйдүн жалгыз кызы, 27 жаштагы Айзада Канатбекова 5-апрелде уурдалып, изделип жаткан. Аны үч адам Медеров-Тыныстанов көчөсүнөн өтүп бараткан жерден күчтөп машинеге салып кеткен.

Эки күндөн кийин кыздын жана аны уурдаган эркектин сөөгү Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаадагы автоунаадан табылган. Шаардык милиция кызды уурдоого шектүү, 36 жаштагы Замирбек Теңизбаев алгач кызды футболка менен муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнө бычак сайып жан кыйганын билдирди. Теңизбаев мурда Орусияда ар кандай кылмыштар үчүн үч ирет соттолуп, абакта отуруп чыкканы белгилүү болду.

Айзада Канатбекова Кыргыз-түрк «Манас» университетинин Дене тарбия жана спорт факультетин 2020-жылы аяктаган.

Окуядан улам коомчулукта милициянын ишине катуу сын айтылып жатат. 8-апрелде Бишкекте жана Ошто күнөөлүүлөрдү жазалоо, мындай көрүнүштөргө жол бербөө жана ИИМдин жетекчилигинин кызматтан кетишин талап кылган акциялар өттү.

Айзада Канатбекованы уурдоого шек саналган төрт адам кармалды.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: