Menu

CIT: орус аскерлери Украина чек арасынан 250 чакырым аралыкта жайгашты

Бөлүшүү:

Conflict Intelligence Team иликтөө тобу соцтармактардагы билдирүүлөргө талдоо жүргүзүп, орусиялык аскерлер Украинадан 250 чакырым аралыктагы Воронеж облусундагы талаа лагеринде топтошконун жазды.

CIT 2014-2015-жылдары орусиялык аскерлер чек арага мындан алда канча жакын келгенин белгилейт.

Иликтөөгө караганда, сүрөт жана видеолорго түшүп калган аскердик техникалардын көбү Борбордук аскердик округга таандык. Воронежге чейин алар жүздөгөн чакырым басып өтүп келишкен.

CIT иликтөө тобунун божомолунда лагерь «Погоново» аскердик полигонунун түндүгүндө, «Березка» бакча чарбасынан түштүккө карай кеткен бөлүгүндө жайгашкан. Бул аймак Украинанын Луганск менен Харьков облустарынын чек арасына 250 чакырымдай жакын. Жергиликтүү тургундар соцтармактарга аскерлер турак үйлөргө катарлаш жайгашканын жазышкан. Бул арада орус аскерлеринин Воронеж облусунун Украина менен 150 чакырым аралыктагы Острогожск районунда да топтолгону боюнча маалыматтар бар.

Conflict Intelligence Team орус аскерлери мындай жайгашуу менен Украинанын чабуулуна каршы даярданууда деп айтууга болбой турганын белгилейт.

«Жикчил куралдуу күчтөргө колдоо көрсөтүү үчүн аскерлерди Донбасска алып кирүү керек болсо, аларды Ростов облусуна жайгаштыруу логикага сыймак. Андыктан орусиялык күчтөрдүн Воронеж облусуна жайгашуусу коргонууга эмес, кол салууга ылайыкташкан», — деп жыйынтыкталган иликтөөдө.

Буга чейин эл аралык басылмалар Орусиянын төрт миңге чукул аскери Украинанын чек арасына жайгаштырылганын жазып чыгышкан. Орус аскер жетекчилери муну кезектеги машыгуу катары сыпаттаган.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 60 + = 67

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: