Menu

Айзаданын өлүмү: БУУ адам уурдоо фактысына өз убагында чара көрүүгө чакырат

Бөлүшүү:

Ала качуунун курмандыгы болгон Айзада Канатбекованын каза болгондугу жөнүндө кабар бул адамгерчиликсиз көрүнүштү токтотуу керектигин эскертип турат. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун басма сөз кызматы билдирет.

Уюм бардык мамлекеттик органдарды, анын ичинде укук коргоо жана коопсуздук органдарын Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин “Никеге туруу максатында адам уурдоо” беренеси боюнча катталган иштерге өз убагында чараларды көрүүгө жана натыйжалуу иш алып барууга чакырат.

“БУУ аялдарга жана кыздарга карата зомбулуктун ар кандай түрүнө, анын ичинде ала качууга байланыштуу ар кандай аракеттерге тынчсыздануу менен мамиле кылган кыргызстандыктарды колдойт. БУУ аялдар менен кыздарга карата зомбулуктун алдын алууга жана жок кылууга багытталган мыйзамдарды жана мыйзамдык жоболорду тынымсыз кабыл алууга жана аткарууга чакырат», – деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, бир үйдүн жалгыз кызы, 27 жаштагы Айзада Канатбекова 5-апрелде уурдалып, изделип жаткан. Аны белгисиз адамдар Медеров-Тыныстанов көчөсүнөн өтүп бараткан жерден күчтөп машинеге салып кеткен.

5-апрелден бери дайынсыз болуп жаткан 27 жаштагы кыздын сөөгү 7-апрелде Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаада автоунаадан табылган.

Шаардык ички иштер башкармалыгы кабарлагандай, аны уурдаган деп шек саналган 31 жаштагы киши кызды муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнө да бычак сайып каза болгон. Ала качууга шектелгендер: 1992-жылы туулган Р.А., 1989-ж. З.Р. , 26 жаштагы Т.К., 30 жаштагы Н.О. кармалган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 79 − = 76

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: