Menu

Баткен облусу ТИКА уюму менен кызматташуу пландарын талкуулады

Бөлүшүү:

КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эрлан  Сапарбаев, Түркия мамлекетинин ТИКА фондунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн программалык координатору Осмон УСТА менен жолугушту.  Бул тууралуу КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда тараптар облустун саламаттыкты сактоо, билим берүү, ишкердикти өнүктүрүү, туризм жаатында кызматташуу пландарын талкуулашты. Өзгөчө чек аралаш аймактардын инфраструктурасын чыңдоо жана аймакты санариптештирүү багытында кызматташуунун маанилүүлүгү белгиленди. 

Эрлан Сапарбаев ТИКА уюмунун өкүлдөрүнө, Баткен облусу үчүн көрсөткөн буга чейинки колдоолору үчүн ыраазычылык билдирди. 

Ошондой эле Баткен облусунда ТИКА уюмунун  атайын өкүлчүлүгүн ачуу, координациялык кеңеш түзүү маселелери каралып, бул багытта иш алып баруучу адистердин Туркия мамлекетинде тажрыйба алмашуусу  макулдашылды. 

Белгилей кетсек ТИКА уюму буга чейин Баткен облустук биргелешкен ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмү 76миң долларга капиталдык оңдоп түзөөдөн өткөн.  

 

 

  

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

− 1 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: