Menu

Равшан Жээнбеков: “Карындашыма коюлуп жаткан айыптар жалган”

Бөлүшүү:

Бишкек шаардык сотунун судьясы Мира Жээнбекованын мыйзамсыз баюусу тууралуу маалымат жалган. Бул тууралуу бүгүн, 9-апрелде анын агасы, саясатчы Равшан Жээнбеков маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, бийлик ага карындашы аркылуу кысым көрсөтүүгө аракет кылып жатат.

«Мен 20 жылдан бери оппозицияда жүрөм, карындашым судья болуп туруп кантип кандайдыр бир коррупциялык схемаларды уюштура алат? Муну бийликке жакын, саясий буйруктарды аткарган соттор гана жасашат. Менин карындашымдын жети баласы бар, кудалары жана туугандары бар, эми ага жалган жалаа жаап жатышат”, – деди Равшан Жээнбеков.

Адвокаттар УКМКнын билдирүүсүндө кайсы батирлер жөнүндө сөз болгонун айтып беришти.

“Мира Жээнбекованын жолдошу Шадиев курулган көп кабаттуу үйдүн 10%ын алуу шарты менен жер участогун курулуш компаниясына берген. Жер участогу Шадиевге ата-энесинен мурас катары өткөн”, – деди адвокат Марат Дүйшөналиев. 

“Батирлер декларацияда көрсөтүлгөн эмес, анткени курулушчулар батирлерди эксплуатацияга 2020-жылы гана өткөрүп беришкен жана алар ушул жылы декларацияда көрсөтүлүшү керек болчу”, – деп кошумчалады адвокат.

Белгилей кетсек, Бишкек шаардык сотунун судьясы Мира Жээнбекова мыйзамсыз баюуга шектелип жатат, анын 74 элиталык батири, 19 коммерциялык менчиги, 10 автоунаа токтотуучу жайы бар экени аныкталган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: