Menu

Алмазбек Бейшеналиев: “Кыргызстанда алгачкы жолу Ректорлордун эл аралык форуму өтөт”

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги 2021-жылдын 5-8-сентябрында Бишкек шаарында «Ковидден кийинки мезгилде дүйнөлүк экономиканы өнүктүрүүдөгү билим берүүнүн ролу» аталышында жогорку окуу жайлардын ректорлорунун эл аралык форумун өткөрөт. Бул тууралуу КР БИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарада илимий изилдөөлөр жана билим берүү жаатындагы эл аралык кызматташуу маселелерин жана университеттердин өз ара кызматташуусу менен байланышкан маселелерди чечүү үчүн дүйнө жүзүнөн 200дөн ашуун университеттин өкүлдөрүн бириктирери күтүлүүдө.  

Форумдун максаты – дүйнөнүн алдыңкы университеттеринин топ-менеджерлерин жана жогорку окуу жайлардын ректорлорун бир аянтчага чогултуу, эл аралык деңгээлде кызматташуу тууралуу жогорку окуу жайлар аралык макулдашууларга кол коюуну демилгелөө.  

Ушул тапта курамына министрликтин өкүлдөрү жана республиканын алдыңкы жогорку окуу жайларынын ректорлору кирген уюштуруу комитети Форумду даярдоо жана өткөрүү боюнча иш-чаралардын планы бекитилип, Форумдун программасынын долбоору даярдалды жана чет өлкөлүк катышуучулардын тизмесин түзүү боюнча иш жүргүзүлүүдө. 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 91 − 84 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: