Menu

Дайынсыз жоголгон Наталья Кудякованы издөө иштери уланууда

Бөлүшүү:

Дайынсыз жоголгон Кудякова Наталья Викторовнаны издөө иштери улантылууда. Бул тууралуу Чүй ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, кечээ, 8-апрель күнү Аламүдүн районунун ИИБнө 38 жаштагы Я.Ю. аттуу жаран арыз менен кайрылып, жакындарынын бири 1981-жылы туулган Кудякова Наталья Викторовна 2021-жылдын 6-апрель күнү таңкы саат 04:30
чамаларында күмүш түстөгү “Хонда-Одиссей” үлгүсүндөгү автоунаасы менен Лебединовка айылынын Мичурина көчөсүндөгү батиринен чыгып кеткен боюнча кайрылып келбегенин билдирип, аны издөө иштерине көмөктөшүүнү суранган.

Бул окуя боюнча дароо Аламүдүн РИИБдүн ыкчам тергөө тобу жогорудагы көрсөтүлгөн дарекке чыгышып, териштирүү иштерин жүргүзүшкөн. Дайынсыз болуп жаткан К.Н. ижарага батир алып жарым айдан бери жашаганы жана 6-апрель күнү таң эрте белгисиз тарапка чыгып кеткени маалым болгон.

Бул факты боюнча Чүй облусунун ички иштер органдарына жана Бишкек шаарынын ички иштер органдарына багыттамалар берилген.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында,  6-апрель күнү болжол менен саат 18:35 чамаларында жогорудагы автоунаа Чүй облусу боюнча ЖКККБнын кызматкерлери тарабынан Люксембург айылынан токтотулуп, айдоочу К.Н. ичимдик ичип унаа башкарууга шектелип, медициналык текшерүү учурунда ичимдик ичкени аныкталып, ага карата протокол толтурулуп, автоунаасы айып унаа токтотуучу жайна коюлуп, айдоочу К.Н. коё берилгени маалым болгон.

Учурда Чүй облусунун ички иштер органдары тарабынан жогорудагы жарандын жүргөн жерин аныктоо үчүн ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 64 − = 61

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: