Menu

1-апрелден тарта үй-бүлөлүк дарыгерлердин жана жалпы практикалык дарыгерлердин эмгек акысы эки эсеге жогорулатылды

Бөлүшүү:

2021-жылдын 1-апрелинен тарта үй-бүлөлүк дарыгерлердин жана жалпы практикалык дарыгерлердин эмгек акысы эки эсеге жогорулатылды. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аталган чечими Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасында саламаттык сактоо чөйрөсүн өнүктүрүү жана калкынын жашоосунун жана саламаттыгынын сапатын жакшыртуу боюнча  кечиктирилгис чаралар жөнүндө» Жарлыгына ылайык, саламаттык сактоо тутумунун кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу жана өркүндөтүү максатында кабыл алынган. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Саламаттык сактоо тутумунун башка категориядагы кызматкерлери үчүн эмгек акысы 2021-жылдын 1-июлунан тарта – 50%га, ал эми техникалык жана кенже тейлөө кызматкерлеринин айлык акысы 40%га жогорулатылат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 57 − 50 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: