Menu

Суваналиев менен Жамсран аялдардын активдүү жашоо образын калыптандырууну сүйлөшүштү

Бөлүшүү:

КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Омурбек Суваналиев, БУУнун аялдар түзүмүнүн өкүлү Улзийсурен Жамсран  баштаган өкүлдөрү менен жолукту. Бул тууралуу  КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Тараптар аялдардын коомдогу орду, алардын укуктары жана мүмкүнчүлүктөрүнүн абалы боюнча пикир алышып, аймактын ар тараптуу өнүгүүсүндө гендердик теңчиликти камсыздоо, светтик өлкө катары, аялдардын активдүү жашоо образын калыптандыруу боюнча демилгелерди ишке ашыруу багыттарын талкуулашты. 

Ошондой эле зордук зомбулуктун алдын алуу, аялдардын жакшы жашоого умтулуусун колдоо, пандемия шартында алар ар тараптуу колдоого муктаж экендиги белгиленип, өзгөчө чек аралаш аймактарда аялдарды ар тараптуу колдоого багыталган долбоорлорду ишке ашыруу, аларга моралдык жана материалдык колдоолор зарыл экени айтылды. 

Ыйгарым укуктуу өкүл менен Улзийсурен Жамсран  айым, билимдүү, заман агымына жараша ой жүгүртө алган аялдардын ролу, келечекте татыктуу жаш муунду тарбиялоодо эле эмес, өлкөнүн өнүгүүсүндө зор мааниге ээ экенин белгилешти. 

Ошондуктан аялдар үчүн коопсуз жашоону түзүү, жумушсуздук маселесин жеңилдетүү менен жакырчылыктан арылуу, алардын тең укуктуулугун камсыз кылуу менен коомдук жашоодо, үй-бүлөдө чечим кабыл алууда аялдардын ойун эске алуу зарыл экенин белгилешип, татыктуу жашоого болгон кызыкчылыктарын ишке ашырууну илгерилетүүнү макулдашышты. 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 35 = 43

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: