Menu

ЕККУнун төрайымы Өзбекстанга келет

Бөлүшүү:

13-14-апрель күндөрү Өзбекстанга Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) төрайымы, Швециянын тышкы иштер министри Анн Кристин Линде келет деп күтүлүүдө. Бул тууралуу Gazeta.uz сайты өзбек президентинин басма сөз катчысы Шерзод Асадовго шилтеме кылып кабарлады.

Анын айтымында, сапардын жүрүшүндө Анн Кристин Линдени өлкө башчысы Шавкат Мирзиёев кабыл алат.

«Өзбекстандын ЕККУ менен кызматташып жатканына 25 жылдан ашты, бул биздин өлкөнүн аталган уюм менен ачык жана динамикалуу иштешип жатканын көрсөтөт. Биз мындан ары да мамлекеттин жана коомдун жашоосундагы бардык тармактар боюнча белгиленген өзгөрүүлөрдү ишке ашырууда ЕККУ менен кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдарбыз», — деди Асадов.

Ал ошондой эле Анн Кристин Линденин сапары «акыркы жылдары өзгөчө активдешкен» Өзбекстан менен Швециянын ортосундагы кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгарат деген ишенимин билдирди.

2020-жылдын ноябрь айынан быйыл февралга чейин эки өлкө ортосунда бир нече жолу саясий кеңешмелер өткөн.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 39 − = 37

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: