Menu

Тажикстанда жергиликтүү жумушчулардын укуктарын бузган кытайлык компанияга айып пул салынды

Бөлүшүү:

Тажикстанда жумушчулардын укуктарын бузганы үчүн акцияларына China Nonferrous Gold Limited (CNG) кытай компаниясы ээлик кылган «Покруд» биргелешкен ишканасына 1500 сомони (133 доллар) өлчөмүндө айып пул салынды.

Февралда «Эркин Европа» радиосу аталган ишкананын жумушчулары андагы катаал карантиндик режимге даттанышканын кабарлаган. Жумушчулардын айтымында, жетекчилик аларды мекемеден чыгарбай, үч айда бир гана жолу үйүнө барууга уруксат берип келген.

Калктын социалдык жактан корголушун көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызмат текшерүүнүн жүрүшүндө бул факты аныкталганын билдирди. Эмгек кодексине ылайык, мындай тартипте иштеген ишканаларда вахта мөөнөтү 15 күндөн ашпашы керек.

Мекеменин билдирүүсүнө ылайык, мындан тышкары «Покруд» ишканасында нормадан ашык иштеген жумушчуларга кошумча акы төлөнбөгөнү жана жергиликтүү жумушчуларга караганда кытайлык жумушчулар көбүрөөк маяна алып келгени аныкталган.

Бул мыйзам бузуулар үчүн компанияга 1500 сомони (133 доллар) өлчөмүндө айып пул салынып, мүчүлүштүктөрдү үч айдын ичинде жоюуга милдеттендирилди.

«Покруд» («Пакрут») алтын кени Душанбеден 120 чакырым алыстыктагы Вахдат районунда жайгашкан. Ал кытайлык China Nonferrous Gold Limited компаниясына берилген өлкөдөгү алгачкы алтын кени. Тажик бийлигинин маалыматы боюнча анда алтындын 100 тоннадан ашык запасы бар.

Тажикстан инвестициялар жана карыздары үчүн өлкө аймагындагы кендерди кытайлык компаниялардын көзөмөлүнө берип келет. 2019-жылы ноябрда Тажикстандын парламенти Айни районундагы «Жогорку Кумарг» жана «Чыгыш Дуоба» алтын кендерин Кытайдын ТВЕА компаниясына иштетүүгө берүү тууралуу келишимди ратификациялаган. Келишимге ылайык, Кытай тарап «Душанбе-2» жылуулук электр борборунун курулушу үчүн жумшаган каражатты кечип, бул үчүн алтындын 64 тонна запасы бар аталган кендерди иштетүү укугуна ээ болгон.

Өткөн айда Душанбе шаарында тажик өкмөтүнүн жаңы имаратын куруп жаткан «Чиангду» кытай компаниясынын жумушчулары да эмгек шарттарына даттанып, укуктары бузулуп жатканын айтып чыгышкан.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 87 − 83 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: