Menu

Улукбек Марипов: “Жергиликтүү кеңешке депутаттарды шайлоо жана референдумдун жогорку деңгээлде өткөрүлүшүн камсыздоо зарыл”

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоого жана референдумга даярдык көрүү жана аны өткөрүүдө уюштуруу-техникалык маселелерин чечүүдө шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча Республикалык штабдын кезектеги кеңешмесин өткөрдү.  Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

«Тийиштүү мамлекеттик органдар, жергиликтүү бийлик органдары Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы менен биргеликте 11-апрелдеги шайлоо процессинин жогорку деңгээлде уюштурулушун жана өткөрүлүшүн камсыздоосу керек. Шайлоо ачык-айкын өтүшү керек. Мурда кетирилген кемчиликтер кайталанбашы тийиш. Ушул күнү коомдук коопсуздук камсыздалып, шайлоо участокторунда электр жарыгы жана интернет өчүрүлбөшү керек. Эпидемиологиялык абалды эске алуу менен санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыздоо, орнотулган эрежелерди жана ченемдерди сактоо боюнча ишти күчтөндүрүүнү өтүнөм. Тийиштүү мамлекеттик органдар мыйзам бузуу фактылары боюнча ыкчам жооп кайтарып, тийиштүү чараларды кабыл алуусу зарыл. Жарандардын добуш берүсү үчүн бардык шарттар түзүлүшү тийиш», – деди Улукбек Марипов жана мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына бир катар тапшырмаларды берди.

Өкмөт башчы баса белгилегендей, мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өкүлдөрү шайлоо процессине кийлигишпеши керек, административдик ресурсту пайдаланууга жол берилбеши тийиш.

Премьер-министр Улукбек Марипов мекендештерди 11-апрелде жарандык активдүүлүктү көрсөтүп, аң-сезимдүү тандоо кылууга чакырды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 37 − = 27

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: