Menu

Кыргызстандан Японияга органикалык жана экологиялык таза продукция экспорттоо талкууланды

Бөлүшүү:

6-апрелде Кыргыз Республикасынын Япониядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Мирлан Арстанбаевдин Тамак-аш медицинасын изилдөө илимий институтунун жетекчиси Канаме Хираянаги жана «DM solutions», «Japan Style» компанияларынын өкүлдөрү менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун катышуучулары Кыргыз Республикасынан Японияга органикалык жана экологиялык таза продукцияны экспорттоону талкуулашты. «DM Solutions» компаниясынын өкүлдөрү Кыргызстандан алынып келинген товарлардын жана продукциялардын аталыштарын кеңейтүүгө кызыкдар экендигин билдиришти.

«Japan Style» компаниясы 2020-жылдын аягынан бүгүнкү күнгө чейин Японияга 10 тоннага жакын кыргыз балын импорттоп келген жана өнөктөштөрү менен биргеликте 2021-жылдын ичинде экспорттун көлөмүн 50 тоннага жеткирүүнү пландаштырууда.

Азыркы учурда кыргыз балы Япониянын бир катар супермаркеттеринде жана электрондук соода аянтчаларында сатылууда.

Элчи М.Арстанбаев Япониянын компанияларына эки өлкөнүн ортосундагы соода мамилелерин өнүктүрүүгө жигердүү көмөктөшкөндүгү үчүн, ошондой эле Канаме Хираянагиге илимий макалаларды жарыялоо жана телекөрсөтүүлөр аркылуу Японияда кыргыз балын жайылтуудагы колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: