Menu

Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо жана референдум маселеси боюнча жарандар call-борборго кайрыла алат

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүндө 10-11-апрелде жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо жана референдум өткөрүү маселеси боюнча call-борбор иш алып барат. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңешинин депутаттарын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссияларына уюштуруу-техникалык маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтүү боюнча республикалык штабдын call-борбору эки күн, 10 жана 11-апрелде  эртең мененки саат 07:30 дан тартып  иш алып барат.

Белгилей кетсек, Республикалык штабдын милдеттеринин бирине шайлоо комиссияларына уюштуруу-техникалык маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтүү, ошондой эле шайлоочуларга санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо маселесин түшүндүрүү, шайлоочулардын тизмесин тактоо жана башка маселелер кирет.

Необходимо отметить, что одной из основных задач Республиканского штаба является оказание содействия избирательным комиссиям в решении организационных вопросов и материально-техническом обеспечении проведения, а также разъяснение вопросов соблюдения избирателями санитарно-эпидемиологических норм, уточнения списков избирателей и другие вопросы.

Сall-борбордун иштөө учурунда ар бир шайлоочу «түз байланышка» чыгып, электр энергиясынын, интернеттин жоктугун, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жана байкоочулар тарабынан санитардык нормаларга ылайык эрежелердин сакталбай жаткандыгы тууралуу жана башка маселелер боюнча кайрыла алышат.

«Түз байланыш» телефондору:

(0312) 66-28-46, 66-40-13 (факс), 96-03-38, 96-02-87

Эскерте кетсек көрсөтүлгөн номурларга телефон чалуулар «Кыргызтелеком» ААК Бишкек шаардык телефон тармагынын стационардык телефондорунан – акысыз түрдө, ал эми аймактардан жана уюлдук байланыш операторлорунан бекитилген тарифтерге ылайык саналат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 13 = 15

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: