Menu

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев иш сапары менен Таласка барды

Бөлүшүү:

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Таластагы бир күндүк иш сапарын Кара-Буура районунан баштап, оболу окуу корпустарынын бири өрттөнүп кеткен Ак-Жар айылындагы А. Калыбаев атындагы мектепке барды. Министр мектептин педагогикалык жамааты менен пикир алышып, окуучулардын сабактарына катышты. Бул тууралуу ББжИМ басма сөз кызматы билдирди.

Коштошуп жатып, министр бул мектепке 7 комплект компьютер тапшырып, жаңы окуу корпусунун курулушун республикалык бюджеттен каржылана турган объекттердин жылдык титулдук баракчасына киргиздирерин убада кылды. 

Андан чыгып, ошол эле райондогу “Ак Шоокум” бала бакчасына кайрылып, бала бакчага 1 комплект компьютер тапшырды. 

Министр окуу корпусунун курулушу 70 пайызга аяктап, бирок каржылоо маселесине байланыштуу токтоп калган чек арага чукул жайгашкан Кайнар орто мектебине барды. Курулушу бүтпөй жаткан мектептин маселелерин чечүү жолдорун талкуулап, тиешелүү адистерге курулуш иштерин эртелетүү тапшырмасын берди. 

А. Бейшеналиев Кара-Буура районунун Шекер айылындагы Т. Айтматов атындагы мектепке да барып, мугалимдер жана окуучулар менен жолугуп баарлашты.

Министрдин андан аркы сапары Талас шаарында уланды. Мамлекеттик социалдык буйрутма боюнча алгач кыска мөөнөттүү (3 сааттык) болуп ачылып, кийин ата-энелердин суранычы менен кадимки бала бакчалардай иштеп калган Талас шаарындагы №16 бала бакча менен таанышып чыккан министр азыркы убакта кыска мөөнөттүү бала бакчалар керек экендигин баса белгилеп, бул багыттагы иштерди күчөтүү зарыл деп кошумчалады.

Бир күндүк иш сапарынын алкагында министр шаардагы Э. Айылчиев атындагы мектептин да астанасын аттады. Бул мектептин муктаждыгынан кабардар министр анын жетекчилигине 8 комплект компьютер тапшырды. 

Иш сапарынын соңунда министр №90 кесиптик лицейге жана Талас мамлекеттик университетине барып, студенттер менен жолугушту. Жолугушуу маалында жаштарды креативдүү ойлонууга, билимди талыкпастан алууга, келечекке чоң максаттарды коюуга, адамдардын укугун сыйлоого чакырды. 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 34 + = 42

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: