Menu

УКМК: Баткенде 3 тоннадан ашык лимон контрабандасы кармалды

Бөлүшүү:

КР УКМК контрабандага каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында, мамлекеттик чек аранын чек ара бөлүктөрүндө контрабанда иш-аракеттеринин алдын алууга жана бөгөт коюуга багытталган тиешелүү ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

2021-жылдын 8-апрелинде КР УКМК чек ара кызматынын жардамы менен Баткен районунун Ак-Татыр айылында контрабандалык жүктөрдү мыйзамсыз ташуу менен алектенген Ж.Ш.А. аттуу жарандын көзөмөлүндө Mercedes-Benz Sprinter унаасы кармалды.

Такталгандай, жалпы көлөмү 3 тоннадан ашык болгон лимон түрүндөгү контрабандалык продуктулар мамлекеттик чек ара аркылуу
коштомо документтерсиз өткөрүлгөн.

Учурда Баткен бажы органдары жүктүн чыккан өлкөсүн аныктоо, ошондой эле төлөнө турган бажы алымдарын белгилөө боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүп жатышат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 42 + = 50

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: