Menu

Адылбек Адранов “Кыргыз темир жолу” ишканасынын жетекчиси болуп дайындалды

Бөлүшүү:

Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы “Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын башкы директору болуп Адранов Адылбек Укунович дайындалды. Бул тууралуу аталган ишкананын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Алардын айтымында, тиешелүү буйрукка кечээ, 8-апрелде премьер-министр Улукбек Марипов кол койду.

59 жаштагы Адылбек Адранов “Кыргыз Темир Жолунда” эмгек жолун 2010-жылы баштаган. Дайындалганга чейин ал жүктөө жана түшүрүү иштерин камсыз кылуу боюнча филиалынын башчысы болгон.

Белгилей кетсек, буга чейин “Кыргыз темир жолу” ишканасын Василий Дашков жетектеп келген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

− 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: