Бишкек шаарында дайынсыз болуп жаткан 14 жаштагы Айбийке Мамбеталиева изделип жатат. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.
Маалым болгондой, 8-апрелде милицияга борбор калаанын тургуну Ж.А арыз менен кайрылып, дайынсыз болуп жаткан 2006-жылы 18-майда туулган кызы Мамбеталиева Айбийке Талантбековнаны табууга жардам сураган.
Апасынын айтымында, Айбийке 7-апрелде саат 10:30 чамасында Ак-Өргө жаңы конушунан үйдөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. Ушул убакка чейин жоголгон кыздын дайыны белгисиз. Бул факт КЖБРге катталып, издөө иштери жүрүүдө.
Кыздын белгилери: бою болжол менен 145-150 см, денеси толмоч, чачы узун, көздөрү жашыл.
Кийген кийимдери: кара жазгы куртка, кара шым, кара бут кийим, жанында рюкзагы бар.
Дайынсыз болуп жаткан Айбийке Мамбеталиева тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо төмөндөгү телефон номурларга кабарлап коюуңуздарды суранабыз.
Байланыш тел.: 0312 35 26 05, 0312 44 44 57, 0312 35 26 32, 0553 10 28 80, 0703 40 16 00, 0707 30 47 53 жана 102.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ