Бүгүн, 10-апрелге карата өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 208 учуру аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 128, Ош шаарынан – 1, Чүй облусунан – 66, Ош облусунан – 2, Нарын облусунан – 2, Ысык-Көл облусунан – 8, Баткен облусунан – 1. Ошентип, өлкөдө жалпысынан 90 019 адам ооруга чалдыккан.
Өткөн сутка ичинде 105 адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 85 824кө жетти.
Оорудан айыккандар: Бишкек шаарынан – 55, Ош шаарынан – 2, Чүй облусунан – 40, Нарын облусунан – 1, Ысык-Көл облусунан – 7.
Акыркы бир сутка ичинде коронавирустан каза болгондор: Бишкек шаарынан – 2, Чүй облусунан – 1. Илдеттен каза болгондордун жалпы саны 1519га жетти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ