Menu

Кыргызстанда добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү жүрүүдө

Бөлүшүү:

Бүгүн, 10-апрелде, Кыргызстанда добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү жүрүүдө. Бул тууралуу КР БШК маалыматтык бөлүмү билдирди.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын маалыматы боюнча 2021-жылдын 11-апрелиндеги жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо жана Кыргыз Республикасынын референдумунда добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүү үчүн 19298 арыз түшкөн.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык төмөнкү шайлоочулар добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш бере алышат:

  • шайлоочулардын тизмесине киргизилген, бирок ден соолугунун абалы же майыптыгы боюнча добуш берүү үчүн шайлоо участкасына келе албаган шайлоочулар;
  • добуш берүү күнү ооруканаларда, шектүүлөр жана айыпталуучулар кармалган жайларда камалып турган шайлоочулар;
  • алыскы жана жетүүгө кыйын райондордо жайгашкан жерлерде, мал чарбасынын алыскы участкаларында убактылуу жашаган шайлоочулар.

Ошондой эле өзгөчө учурларда тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясынын чечим боюнча төмөнкү шайлоочулар өздөрүнүн жайгашкан жери боюнча добуш беришет:

  • калктуу конуштардан алыс обочолонгон жерлерде жайгашкан аскер бөлүктөрүндө шайлоо күнү кызмат өтөп жаткан аскер кызматчылары;
  • шайлоо күнү кызмат өтөп жаткан ички иштер органдарынын кызматкерлери;
  • тизмеси Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилген иштин үзгүлтүксүз цикли менен ишканаларда иштеген шайлоочулар;
  • вахта ыкмасы менен иштеген шайлоочулар;
  • өзүнүн жайгашкан жери боюнча убактылуу турган жери боюнча шайлоо участкасынын аймагында туруктуу жашаган, үй камагында турган референдумдун катышуучулары.

Участкалык шайлоо комиссиялары мындай шайлоочуларга добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берүү күнүнө бир календардык күн калганда добуш берүү мүмкүндүгүн камсыз кылууга милдеттүү.

Добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүү шайлоо күнүнө чейин бир календардык күн калганда саат 8ден 20.00гө чейинки мезгилде гана жана шайлоочунун добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүү мүмкүнчүлүгүн түзүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү кайрылуусунун негизинде гана жүргүзүлөт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: