Menu

Баткен облусунда көчмө урна аркылуу добуш берүү жүрүүдө

Бөлүшүү:

Бүгүн 10-апрелде Баткен облусунда  ден соолугуна байланыштуу шайлоо участкасына бара албай турган 883 жаран, көчмө урна аркылуу добуш берүүдө. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, буга чейин көчмө урна аркылуу добуш берүү үчүн, шайлоо участкасына арыз менен кайрылган. 

Облустагы бардык шайлоо участкалары  Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо жана референдум өткөрүүгө даяр. 

Баткен облусунда жалпысынан  референдумга карата 218 шайлоо участкалары, ал эми  жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого 201 шайлоо участкалары даярдалды. 

Бүгүнкү күнгө карата жалпы  облус боюнча референдумга катышуучу   шайлоочулардын саны 300500, ал эми жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоосуна 279875 шайлоочу добуш берүүчүлөрдүн тизмесин түзөт. 

Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу шайлоо участкаларында санитардык нормаларды сактоо үчүн коргонуучу жана  дезинфекциялоочу каражаттар менен камсыздалды. 

 

Шайлоо күндөрү коомдук коопсуздукту камсыздоого 882 ички иштер органдарынын кызматкерлери тартылды, анын ичинен 436 кызматкер шайлоо участкаларынын коопсуздугун камсыздайт.  

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: