Menu

Кара-Сууда 7 жаштагы кызды зордуктоого шектелип 26 жаштагы жигит кармалды

Бөлүшүү:

Кара-Суу районунда жети жаштагы кызды зордуктоого шектүү адам кармалды. Бул тууралуу Ош облусунун Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, башкармалыктын нөөмөт бөлүмүнө кечээ, 9-апрель күнү саат 20:00 чамасында Кара-Суу районунун Кайрагач айылынын 7 жаштагы тургуну Н.А. талаа аркылуу үйүнө кайтып келе жатканда аны 16-17 жаштар чамасындагы азиат улутундагы жигит зордуктаганы тууралуу билдирүү түшкөн. Денесинен алган жаракаттарынан улам, өспүрүм кыз оор абалда Ош облустук төрөт үйүнө жеткирилген.

Аталган факт Жазык кодексинин 161-беренеси («Зордуктоо») менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, шектүүнү издөө иштери башталган.

Тинтүү учурунда ыкчам кызматкерлери тарабынан Кыргыз-Чек айылынын 26 жаштагы тургуну Н.уулу А. кармалып, шектүү күнөөсүн мойнуна алып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Керектүү экспертизалар дайындалды. Ошондой эле жети жаштагы кызды таенеси багып жатканы белгилүү болду. Анын апасы Россияда иштеп жүрөт.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, кылмышка шектүү делип Кара-Суу районунун Мады айыл аймагынын Кыргыз-Чек айылынын 26 жаштагы тургуну Н.уулу А. ушул эле аймактын Садырбай айылында, туугандарынын үйүнөн кармалган. Ал жогоруда аталган өзгөчө оор кылмыш жасагандыгын толугу менен мойнуна алган. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 6 = 12

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: