2021-жылдын 11-апрелинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жана референдум өтөт. Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги алдыда өтө турган окуянын маанилүүлүгүн эске алуу менен шайлоону өткөрүү жана даярдануу маалында коомдук тартипти жана коопсуздукту жогорку деңгээлде камсыздоого багытталган бир катар чараларды көрдү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.
Ички иштер министрлиги жалпыга маалымдоо каражаттарында, интернет тармагында Кыргыз Республикасынын аймагында коомчулукту тынчсыздандырган жалган маалыматтарды аныктоо үчүн күнү-түнү мониторинг жүргүзүүдө. Коомдук тартипти жана коопсуздукту бузуу үчүн коркунучтарды алып келген жалган маалыматтарды тараткандарга жана коомдук тарнтипти бузгандарга карата тиешелүү чаралар көрүлөт.
Ушуга байланыштуу ички иштер министрлиги жарандарга кайрылып, айрым адамдар тарабынан социалдык тармактарда тараткан чагымчыл маалыматтарга ишенбөөгө чакырат.
Ушундай фактылар боюнча ички иштер органдарына -102 кызматы аркылуу маалымдап коюңуздарды суранат.
Кыргыз Республикасынын Мыйзамын билбегендик жарандарды кылмыш жоопкерчилигинен бошотпойт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ