Кечээ, 9-апрелде КР УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүмү (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, Абхазия Республикасынан алынып келинген бажы декларациясынан өтпөгөн, мыйзамсыз катталган кымбат баалуу автоунаалардын фактылары боюнча коррупциялык схеманын бети ачылып ага бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Такталган боюнча, Россия Федерациясынын транзиттик каттоо документтеринин негизинде, Кыргыз Республикасынын техникалык паспорттору жана мамлекеттик номурлары берилген эки «Лексус GX» үлгүсүндөгү унаасы катталганы аныкталды.
Натыйжада, мамлекетке бажы төлөмдөрүн төлөөдөн качуу менен 3 миллион сомдон ашык чыгым түрүндө зыян келтирилгендиги аныкталды.
Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары боюнча, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекеттик каттоо кызматынын “Унаа” мамлекеттик мекемесинин Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун регионалдык сектор башчысы «О.М.А» кармалды.
Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан иштин бардык жагдайларын жана бул ишке тиешеси бар адамдарды аныктоого багытталган тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ