Menu

УКМК: Опузалап пара алуу боюнча Аламүдүн ИИБ тергөөчүсү кармалды

Бөлүшүү:

Кечээ, 9-апрелде Кыргыз Республикасынын УКМК Чүй облусунун укук коргоо системасындагы коррупцияны жоюу боюнча ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында, КР ИИМ ички иликтөө кызматы менен биргеликте, мурда алынган каражатты пара катарында кайтарып жаткан жеринен Аламүдүн РИИБдин тергөөчүсү милициянын ага лейтенанты «Д.Б» кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Такталгандай, тергөө органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын жараны «М.у.Т»  аттуу адамга карата сотко чейинки иш козголгону туралуу “Д.Б” аттуу тергөөчү моралдык-психологиялык кысым көрсөтүү менен сотко чейинки өндүрүштү токтотуу үчүн тергөөчү «М.у.Т»  аттуу жарандан 2000 доллар алганы аныкталды. 

Андан кийин, опузалап талап кылуу фактылары ачыкталып кетишине жол бербөө үчүн, тергөө органдарынын өкүлдөрү аталган «М.у.Т» жаранга 1500 АКШ долларын кайтарып беришкен. Калган 500 АКШ доллар өлчөмүндөгү каражаттын калган бөлүгүн кайтарып берүү учурунда, милициянын ага лейтенанты «Д.Б.» кармалган.

Аталган материал КР Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүмү (Опузалап пара алуу) фактысы боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Кармалган адам КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 68 − 60 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: