Menu

Роза Отунбаева 2010-жылдагы июнь окуяларынын күнөөкөрлөрү кайра иликтенсе Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевге да каршы көп фактылар ачылып кетет деп коркутту

Бөлүшүү:

“2010-жылдагы июнь окуяларын кайра иликтөө боюнча Садыр Жапаров укук коргоо органдарына тапшырма бериптир. Албетте ал улут аралык окуялар чоң трагедия болгон. Тилекке каршы бул окуялар ар 10 же 20 жылдан кийин кайталанып жатат. Азыр деле биз ал жакта андай окуялардын алдын алып, тамырын кесип салдык деп айтканга ооз барбайт”, – деп билдирди 8-апрелде 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева “Супер ТВ” каналына берген маегинде.

“Ош окуясына келгенде мен айтат элем: Ош милициясында канча өзбек иштейт? Күч структуралары көп нерсени чечип коюп жатпайбы. Мейли таможняда, мейли налоговыйда, мейли прокуратурада, ушундай чечүүчү органдарда 13% өзбектер иштеш керек да, анткени өзбектер Кыргызстандын калкынын 13%ын түзөт да. Анан булар “өзбектер армияга барбайт” дешет. Эми армияга барбаса да башка жактарына барыш керек да… Келечекте тынч жашайбыз, урушпайбыз десек, мына ушундай кадамдарды жасашыбыз керек да. Эми болсо Улуттар аралык мамиле боюнча агенттикти Маданият министрлигине кошуп салышыптыр. Ал агенттикте көп проекттер бар эле, алар токтоп калды. Ошон үчүн мен айтат элем: 2010-жылдагы окуялар боюнча кайра карашсын, көрсүн, бирок биздин да айта турган сөздөрүбүз бар. Көп сөздөрүбүз бар. Ошол сөздөрүбүз ачылып кетсе, анан кийин кандай болот экен, аны ким билет экен? Мен мисалы каалайт элем, аларга ушундай кеңеш берет элем, мейли Садыр Жапаров, мейли Камчыбек Ташиев болсун: ачпагыла ал “кара жащикти”! Мен ошону ойлойт элем, биздин Убактылуу өкмөт абдан чоң аракет жасап, аягында мен өзүм да калдым, ошол маселе менен, эл аралык коомчулуктун абдан зор салымы менен биз муну жапканбыз. Анткени бизди “кыргыздар геноцид жасады, аскерий кылмыштарды жасады” деп күнөөлөп баштаган болучу. Биз анын баары андай эмес деп айтып бердик. ООН да бул маселени карайт болчу, биз баарын ачык кылгандан кийин алар бизге ишеништи. Биз эл аралык комиссияны да киргиздик, ошондо биздин жакынкы партнёрлор “киргизбегиле!” деп жатышты. Биз киргиздик. Буга чейин СНГда эч ким киргизе элек эле. Биз ошол комиссияны киргизгенден кийин бул маселени жаптык да. Анан бүгүн кыргыздар кайсы жерибиз кычышып жатат? Кайсы жерибиз мындай тынчыбай жатат? Биз коомду консолидацияга алып келбейлиби. Биз ушунун үстүндө иштешибиз керек да. Мына, кыргыз жана башка улуттар, кыргыздын ичинде байлар жана кедейлер, шаардыктар менен айылдыктар, толуп жатат да мына ушундайлар… Биз эмнеге тынчыбайбыз? Ким кайсы өчүн алайын деп жатат? Кимдин кайсы кеги калыптыр? Ошондой кектер бар болсо, биздин да айта турган толо сөздөрүбүз бар. Толуп жаткан фактыларыбыз бар! Биз ошонун баарын ачып туруп, мына сага деп олтурсак, ошону менен биз баарыбыз өсөбүз, өнүгөбүзбү? Кимдин кайсы жери кычышып жатат? Бул деген саясый реваншизм, өч алмай да”, – деди Роза Отунбаева.

Тасмадан текстин жазган KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

Комментариялар

кыргыз жигит
3 years артка

Бул апчебиз эмне деп жатат деги?!. Кылгылыкты кылып алып дагы эле уялбайт экен да?!. Разрешительная сиситемада жалан озбектер иштеп, курал-жарактын баары ошолордо болгон учун аз жерден кырылып кала жаздадык эле го Кыргыздар?!. Дагы аларды жумушка алып колдоруна курал бериш керекпи?!. Аларды эркелетип котормолоп соодалашып олтуруп акыркы 30жылда кайсыл жакшылыкка жеттик эле?!. Роза Исаковна сиз ал убакта Розовый очки кийип жургонсуз го реалдуулуктан таптакыр алыс болуп…

Комментарий калтыруу кыргыз жигит Жауапты болдырмау

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 93 − = 92

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: