Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо жана референдум өнөктүгүн өткөрүү үчүн Баткен облусунда референдумга карата 218 шайлоо участкалары, ал эми жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоосуна 201 шайлоо участкалары ачылып, өз ишмердүүлүктөрүн башташты.Бул тууралу Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирет.
Облус боюнча референдумга шайлоочулардын саны 300500, ал эми жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоосуна 279875 шайлоочу, добуш берүүчүлөрдүн тизмесин түзөт.
Облуста 27 айылдык, 6 шаардык кеңештерге шайлоолор өтүүдө.
Шаардык кеңештин депутаттыгына 166 мандатка 56 партия жана айылдык кеңештин депутаттыгына 577 мандатка 1633 талапкерлер ат салышууда.
Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу бардык шайлоо участкаларында санитардык талаптарга ылайык шарттар түзүлгөн.
Бул күнү коомдук коопсуздукту камсыздоого жалпысынан 882 ички иштер органдарынын кызматкерлери тартылган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ