Menu

ТИМ: Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары референдумдун 48 участогу түзүлүп, катышуучулардын акыркы тизмесине 58 598 шайлоочу киргизилген

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө жана консулдук мекемелеринде «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдумду даярдоо жана өткөрүү (жалпы элдик добуш берүү) боюнча Министрлик тарабынан активдүү иштер жүргүзүлдү.

Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин аймактарында референдумду өткөрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде Штаб түзүлгөн.

Дипломатиялык миссия тарабынан алдыда боло турган референдум жөнүндө чет өлкөлөрдөгү КРнын жарандарына масштабдуу маалыматтык-түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Министрликтин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары референдумдун 48 участогу бекитилген.

Чет өлкөдө референдумга катышуучулардын акыркы тизмесине 58 598 шайлоочу киргизилген.

Ошентип, Министрликтин жана КРнын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин максатка багытталган жана макулдашылган ишине ылайык КРнын чет өлкөдөгү шайлоочуларынын референдумга катышуучуларынын тизмеси 9 117 жаранына көбөйгөн, тактап айтканда үстүбүздөгү жылдын 10-январында өткөн президенттик шайлоого салыштырмалуу өсүү динамикасы 15,55%ды түздү.

Дүйнөдө болуп жаткан эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын бардык дипломатиялык мекемелеринде санитардык-эпидемиологиялык коопсуздуктун талаптарын сактоо боюнча чаралар көрүлгөн.

Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелери коопсуздуктун жогорулатылган чаралары байкалган жерлерде КРнын жарандары добуш берүү жайларга чектөөсүз келүү маселесин, ошол жарандар турган, өлкөнүн бийликтери менен макулдашышкан.

Биринчилерден болуп Бишкек убактысы боюнча 3.00дө Россия Федерациясындагы Южно-Сахалинск шаарындагы Кыргыз Республикасынын Элчилигинин Канцеляриясынын аймагында түзүлгөн шайлоо участогу ачылды.

Азыркы учурда добуш берүү чет өлкөлөрдө түзүлгөн 21 шайлоо участогунда өтүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 25 = 33

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: