Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Элчилигинде «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын референдумун (жалпы элдик добуш берүүнү) өткөрүү алкагында добуш берүү улантылууда.
2021-жылдын 11-апрелинин жергиликтүү убакыт боюнча саат 12:00гө карата 82 Кыргыз Республикасынын жараны добуш беришти.
Шайлоо участогунда Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ибрагим Жунусов дагы добуш берди.
Добуш берүү санитардык коопсуздукту сактоо менен жүргүзүлүүдө.
Шайлоо участогу жергиликтүү убакыт боюнча саат 20.00гө чейин иштейт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ