Menu

Бишкек шаар кеңешине шайлоодо тыштан добуш берүү учурундагы мыйзам бузуулар боюнча «Реформа» партиясынын жана бир нече партиялардын билдирүүсү

Бөлүшүү:

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, тыштан добуш берүү мүмкүнчүлүгүн алуу арызы менен 4970 адам кайрылган. Алардын ичинен, арызды ӨЗ АЛДЫНЧА же болбосо жакындары аркылуу берип жибергендердин  саны 648 адамды гана түзгөн. Ал эми 4 322 арыз ҮЙ жана КВАРТАЛ КОМИТЕТ ТӨРАГАЛАРЫ аркылуу берилген (!!!).  

Баса белгилеп кетчү жагдай, мыйзамда арызды үй жана квартал комитеттери аркылуу берүү каралган эмес. 

Алардын Шайлоо участкаларына шайлоочулардын арызын берүү жана алардын атынан аракет көрүү укугу жок!

Үй жана квартал комитет төрагаларынын шайлоочулардын атынан арыз берүүсү – шайлоочулардын өз эркин билдирүүсүнө таасир этүү максатында АДМИНИСТРАТИВДИК РЕСУРСТУ КОЛДОНУУ. 

Мындан сырткары, «Реформа» партиясы тыштан добуш берүү арыздарын берген инсандардын шайлоо күнү добуш берүүгө келе албагандыгы тууралуу себептери канчалык жүйөөлү экендигин, жана ошондой эле үй жана квартал комитет төрагаларынын жарандардын тыштан добуш берүү арыздарын берүүсүнүн мыйзамдуулугун текшерүү зарыл деп эсептейт. 

Саясий партиялардын байкоочулары добуш берүү купуялыгын бузган көптөгөн видеофактыларды белгиленген. Ошондой эле, тыштан добуш берген шайлоочуларга УШКнын мүчөлөрү тарабынан укуктан тыш таасир этүүлөрү болуп, мыйзамсыз үгүт жүргөн. 

Тыштан добуш берүү талапкерлердин, партия  өкүлдөрүнүн, байкоочулардын жана массалык маалымат каражаттарынын ГАНА коштоосунда жүрөт. 

Бирок, мыйзамдын талабына каршы, кайра эле шайлоочулардын өз эркин билдирүүсүнө таасир этүү максатында  добуш берүү маалында жат адамдаржүрүштү.  

Жогоруда айтылгандардын негизинде, төмөнкүлөрдү өтүнөбүз:

  1. Кечиктирилбестен тыштан добуш берүү мүмкүнчүлүгүн суранган бардык арыздарды Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо тууралуу» мыйзамынын 33 беренесине туура келери боюнча текшерүү жүргүзүлүшүн, ошону менен кошо үй жана квартал комитеттеринин тыштан добуш берүү боюнча жарандардын арыздардын беришинин мыйзамдуулугун текшерүүнү.  Текшерүү максималдуу түрдө ачык-айкын болуш үчүн, текшерүү тобуна саясий партиялардын өкүлдөрүн кошуу зарыл.
  2. 2021-жылдын 10-апрелинде: добуш берүүнүн купуялыгын бузуу – №1246, 1113, 1029 УШК; №1333, 1018, 1036, 1047 УШКда жымжырт күнү үгүт жүрүшү; № 1130, 1028 УШКда шайлоочунун добуш берүүсүнө таасир этүү; №1216 УШКда процедуралык бузуулар; №1309, 1317, 1312 УШКда шайлоочулардын тизмеси менен манипуляция сыяктуу орун алган эреже бузуулар боюнча кечиктирилбестен Аймактык шайлоо комиссиясынын отурумунун өтүшүн. 
  3. Бардык саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн катышуусу менен БАШКнын ушул арызды жана жалпы эле 2021-жылдын 10-апрель күнү тыштан добуш берүүдөгү мыйзам бузуулар боюнча башка партиялардан да келип түшкөн арыздарды жана билдирүүлөрдү кароо боюнча отурумун өткөзүү.  
  4. 2021-жылдын 10-апрель күнү өткөн тыштан добуш берүүнүн жыйынтыгын бүт Бишкек боюнча жокко чыгаруу. 
  5. 2021-жылдын 10-апрель күнү тыштан добуш берүүдө административдик ресурсту колдонгон жана башка орой мыйзам бузууга жол берген саясий партиялар менен талапкерлерге карата мыйзамда каралган чараларды колдонууну суранбыз. 

«Реформа» партиясы жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам бузуулар 2021-жылдын 10-апрель күнү өткөн тыштан добуш берүүнүн  жыйынтыктарын Бишкек боюнча жокко чыгарууга жетиштүү деп эсептейт. 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 17 + = 20

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: