Бүгүн, 11-апрель күнү саат 13төр чамасында Клооп сайты өзүнүн фейсбук баракчасына референдум жана жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоодо №8077 шайлоо участкасынан 1 эле шайлоочу бир канча бюллетендерди электрондук кутучасына салып жаткан видеосу жарыялаган.
Бул факты Баткен РИИБнин маалыматтардын электрондук журналына катталып, текшерүү иштери жүрө баштаган. Текшерүү иштеринин жүрүшүндө бул видео Баткен районунун Бужум айылындагы №8077 шайлоо участкасында тартылгандыгы, электрондук кутуча шайлоо бюллетенин кабыл албай койгондо, экинчи шайлоочу кабыл алынбаган бюллетенди өзүнүн бюллетенине кошуп электрондук кутучага салып жаткандыгы белгилүү болду.
Азыркы учурда текшерүү иштери жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ