Чүй облусунун Аламүдүн районундагы № 7199 шайлоо участкасында айрым партиялардын үгүтчүлөрү жергиликтүү кеңештерге шайлоодо добуш бериши керек талапкерлердин аты-жөнү жазылган тизмелерди таркатып жаткандыгына байланыштуу, төмөнкүлөрдү билдиребиз:
Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Таш-Дөбө айылында жайгашкан №7199 шайлоо комиссиянын маалыматы боюнча райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө-ыкчам тобу чыгышкан. Аталган жерге келгенден кийин, ушул шайлоо участкасынын байкоочулары округдун депутаттыгына бир нече талапкерлердин үгүтчүлөрү кире бериште, добуш бериши керек болгон маалыматтарды камтыган тизмелерди таркатып жатат деген арыз келип түшкөн. Аталган факт Аламүдүн районунун ИИБ катталып.
Учурда тергөө-ыкчам тобу жеринде дагы текшерүүлөрдү жүргүзүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ