Menu

Алдын ала жыйынтык боюнча Баткен облусунда шайлоочулардын 36% шайлоого, 35% референдумга катышып, добуш беришти

Бөлүшүү:

КРнын Борбордук шайлоо комиссиясынын Баткен облусу боюнча атайын өкүлүнүн маалыматына ылайык, шайлоонун болжолдуу жыйынтыктары боюнча, Баткен облусунун шайлоочуларынын 36% Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоого, 35% референдумга катышып, добуш беришти.
Облуста 27 айылдык, 6 шаардык кеңештерге шайлоолор өттү.
Шаардык кеңештин депутаттыгына 166 мандатка 56 партия жана айылдык кеңештин депутаттыгына 577 мандатка 1633 талапкерлер ат салышты.

Шайлоонун жүрүшүндө олуттуу мыйзам бузуулар болгон жок.

Эскерте кетсек, азырынча шайлоонун жыйынтыгы акыркы эмес. Бул чыккан маалыматтар автоматтык жана кол менен эсептөөлөрдүн алдын ала көрсөткүчү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: