Menu

Москвада 19 жаштагы кыргызстандык жигит бычакталды

Бөлүшүү:

Москвада 19 жаштагы кыргызстандык жигит бычакталды. Бул тууралуу россиялык ММКлар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, полицияга жергиликтүү тургундар телефон чалып, сейил бакта жаш жигит бычактан жаракат алышканын билдиришкен. Жерине барган полиция кызматкерлери көкүрөгүнөн жаракат алган баланы табышкан. Ал ооруканага жеткирилген.

Окуя көчөдө орнотулган камерага түшүп калган. Анда бычакталган адам эки досу менен сейил бакта отурганын, алардын жанына белгисиз алты жигит келип, алар менен айтыша кетип, белгисиз жигит 19 жаштагы баланы бычак менен сайып салганы көрүнөт. Андан кийин бардыгы окуя болгон жерден качып кетишкен.

Полиция кызматкерлери 9-апрелде кечинде Өзбекстандын 25 жаштагы жаранын кармашкан. Ден-соолукка атайылап оор залал келтирүү фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 23 − 14 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: