Menu

Өзбекстанда «Темир дептерге» киргизилген аз камсыз үй-бүлөлөрдүн тизмеси кыскартылууда

Бөлүшүү:

Ташкент облусунун Чиназ районунда былтыр каттоого турган 2069 аз камсыз үй-бүлөнүн 1684ү «Темир дептерден» чийилди. Тизмеде 385 үй-бүлө калды. Бул тууралуу райондук администрациянын кызматкери билдирди.

Өзбекстанда «Темир дептер» былтыр түзүлүп, ага аз камсыз, үй-бүлөсүндө майып киши бар, социалдык коргоого муктаж үй-бүлөлөр, жалгыз бой кары-картаң кишилер, туруктуу жумушу жок жарандар, карантинден улам жумушсуз калгандар, эпидемиологиялык жактан начар өлкөлөрдөн кайтып келген кишилер киргизилген.

2020-жылы августта жалпы Өзбекстан боюнча «Темир дептерге» 409 000 үй-бүлө киргизилгени расмий түрдө айтылган.

Карантин башталар алдында «Темир дептерге» киргизилип, эми андан чыгып калгандардын арасында эки баланын атасы, экинчи топтогу майып, 36 жаштагы Чори Ниязов (аты өзгөртүлдү ) да бар. Аялы да экинчи топтогу майып киши эмне себептен тизмеден чийилип калганын түшүнбөйт.

Үй-бүлө «Темир дептерге» жазылгандан кийин 5-6 жолу бекер азык-түлүк –төрт кило картошка, төрт кило пияз, май, чай алган. Мындан тышкары эки баласы үчүн 500 000 сум (50 доллар) берилген.

«Темир дептер» көрсөткөн эң чоң жардам – бул бекер дарылануу:

«Дептерге киргизилгенден кийин бизди эки жолу Республикалык инфекциялык ооруканага жаткырышты. Эми андай болбойт», деди Чори.

Чоринин айтымында, бир айга жетпеген убакыт мурун маале төрагасы баштаган бир нече киши келип, жогору жактан «Темир дептердеги» тизмени кыскартуу боюнча буйрук түшкөнүн айткан.

2020-жылы пандемиянын алдында Шавкат Мирзиёев Өзбекстанда 5 миллиондой киши кедей жашай турганын билдирген. Бул ар бир жетинчи өзбекстандык кембагал дегенди билдирет.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 52 = 62

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: