Menu

ТИМ: Референдумда чет өлкөлөрдө түзүлгөн 48 УШКда 3162 жаран добуш берди

Бөлүшүү:

Кечээ, 11-апрелде Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринде “Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Референдуму өткөрүлдү. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

“Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору боюнча референдум (бүткүл элдик добуш берүү) даярдоонун жана өткөрүүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө жана консулдук мекемелеринде Министрлик тарабынан жигердүү иш жүргүзүлдү.

КР ТИМде Кыргыз Республикасынын дипломатиялык  өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин аймагында референдум даярдоо жана өткөрүү боюнча Штаб түзүлдү.

Министрликтин жана КРнын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн аталган биргелешкен ишинин натыйжасында КРнын чегинен сырткары шайлоочулардын тизмеси 9117 КРнын жаранына көбөйдү. Чет өлкөдөгү референдумга катышуучулардын акыркы тизмесине 58598 шайлоочулар киргизилген.

28 чет өлкөлүк мамлекеттердеги 48 шайлоо участкаларда добуш берүү болуп өттү.

Кыргыз Республикасынын бардык чет өлкөлөрдөгү мекемелеринде, дүйнөдө болуп жаткан эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен, санитардык-эпидемиологиялык коопсуздуктун талаптарын сактоо боюнча бардык чаралар көрүлдү. Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жүргөн өлкөнүн бийлиги менен Кыргыз Республикасынын жарандарынын добуш берүүчү жайларга чектөөсүз кирүүсү боюнча макулдашышты.

Биринчи болуп бишкек убактысы боюнча саат 3.00дө Южно-Сахалинск шаарындагы КРнын РФдагы Элчилигинин Кеңсесинин аймагындагы шайлоо участогу ачылды. Акыркы болуп Вашингтондогу Элчилигинин аймагында ачылган шайлоо участогу 12 апрелде бишкек убактысы боюнча  саат 06.00дө өз ишин аяктады.

Жалпысынан, Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин аймагында түзүлгөн 48 УШКда 3162 жаран добуш берди.

Чет өлкөдөгү бардык УШКлардагы шайлоо процесси мыйзамга ылайык кандайдыр бир бузууларсыз жогоруда белгиленгендей бардык санитардык-эпидемиологиялык нормаларды сактоо менен өттү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: